Баланын ичи отсо ※ Download: http://tingkatingvelp.myowndom.ru/?dl&keyword=%d0%b1%d0%b0%d0%bb%d0%b0%d0%bd%d1%8b%d0%bd+%d0%b8%d1%87%d0%b8+%d0%be%d1%82%d1%81%d0%be&source=bitbin.it2 Буттарын ийип, аны менен ичин кысууга аракет кылат, кызарып кетет. Моралдык, материалдык жактан кыйынчылык тарттым. Мындай учурда жагдайды тийиштүү кызматкерлерге билдирип, чара көрүңүз. Балдарга болобу же башка ишке байланыштуу болобу, чуулгандуу маселе жаралса ошол замат баарыбыз дүрбөй баштайбыз. Үчүнчү мезгили: Бала түшкөндөн кийин төрөттүн үчүнчү мезгили тондун түшүшү башталат. Себеби компьютер аны колдонгон адамга эле эмес, жакын отурган адамга да зыян келтирет. Деми кысылып, көөдөнү карбаластатып салды. Эгерде энесинин ичи катып жүрсө, баласынын да ичи катат. Бул учурда системалуу түрдө дарылоо жүргүзүү зарыл. Ал эми бул учурда компьютерди көп колдонуу адаттагыга карагандан кооптуураак. Бөйрөк эненин гана эмес, түйүлдүктүн да зат алмашуу продуктусун бөлүп чыгаргандыктан күчөп иштейт, кан көбөйүп, кан тамырлар кеңеет, газ алмашуу күчөйт. Туура, компьютердин жардамы чоң, бирок, анын терс таасирлери да бар. Каканак суусунун агышы жатынга инфекциянын киришине шарт түзөт. Суперстан: Бөбөктөргө байланыштуу кеңештер - Суперстан - Баланы чалкасынан жаткырып, киндигинин айланасын саат жебеси боюнча айлантып жумшак сылаңыз. Режимди, врачтын сунушун бузганда ак шишик менен бирге кан басымы жогорулап, заарада белок болуп, нефропатия пайда болот. Эмчектеги бала — бир жашка чейинки. Баланы дени сак өстүрүү, күч жана акыл-эсин туура калыптандыруу үчүн анын организминин айрым өзгөчөлүктөрүн билип, туура багуу зор мааниге ээ. Бала ымыркай төрөлгөндөн кийинки биринчи 4 жума жана эмчектеги мезгилге 1 жашка чейин айырмаланат. Ымыркай баланын эне организминен сырткары жашоо шартына ыңгайлашуусу менен анын көп органдар жана системалардын функциясы өзгөрөт. Ымыркай баланын ткандары менен органдарынын анатомия-физиологиялык өзгөчөлүгү, ээ болуу жөндөмдүүлүгүнүн жетишсиздиги түрдүү ооруга көбүрөөк чалдыгууга, ошондой эле оорунун оор өтүшүнө алып келет. Айына жетип башка айтканда курсакта көтөрүү мөөнөтү бүткөндө — 39—40 жумада төрөлгөн эркек баланын салмагы 3500±450г, кыздардыкы 3300 ±460 г болот. Төрөлгөндөн 3 күнгө чейин аз заара кылат суткасына 4—5 жолу , бирок 1-жуманын аягы 2-жуманын ортосуна чейин суткасына 20—25 жолу, бир жашка жакын 15—16 жолу сиет. Ымыркай баланын нерв системасы жетишсиз өөрчүгөн. Бала төрөлгөндө шартсыз рефлекстер гана болот: жутуу, эмүү, эстөө, коргонуу ооругандан, ысыктан, муздактан ыйлашы , чапчып кармоо жана башкалар Ымыркай бала жарыкты сезет, начар угат. Алар тез чарчагандыктан, анын уйкусу суткасына 17—18 сааттан кем болбошу керек. Ымыркай баланын организми энеден иммунитет алгандыктан жугуштуу оорулардын кээ бирине туруктуу болот. Ошону менен бирге аларда ириңдеткич микробдордон коргонуу күчү жетишсиз болуп, баланы өзгөчө таза багуу талап кылынат. Ымыркай бала жашоонун жаңы шартына көнө баштаганда өзгөчө, башка айтканда ооруга окшош, бирок дарылоо талап кылбаган абалда болот. Баланын чоң солдо жана кичине оңдо эмгегинин проекциясы. Аларга: салмагынын азайышы — ал бардык ымыркай балдарда алгачкы 3—4 күндө байкалат. Туура багып, тойгузса салмагы 4—5-күндөн тартып көбөйүп, 1жуманын аягында — 2-жуманын ортосунда алгачкы абалына келет; теринин физиологиялык сезгенүүсү — төрөлгөндөн 1-2-күнү териси, айрыкча кол чеңгели менен бут кетмени кызарып, ал бир нече сааттан 2—3 суткага созулат, андан кийин түлөй баштайт. Кичине төрөлгөн балдар чоң төрөлгөн балдарга караганда ай сайын көбүрөөк салмак кошот. Эмчектеги бала бир жашында бала орто эсеп менен 25 смге өсөт. Алгачкы үч айында ай сайын 3 смге өсүп, кийин өсүү жайлап: 4—6 айлыгында — 2 — 2,5 см; 7—9 айлыгында 2 см жана 10—12 айлыгында ай сайын 1,5 см өсөт. Эмчектеги баланын, өзгөчө ымыркайдын өтө назик болгондуктан оңой эле жабыркайт. Баланы жакшы карабаса эти бышып, ириңдүү ыйлаакчалар чыгат. Эмчектеги баланын тканында туздар аз болгондуктан алар жумшак, ийилчээк келип, туура эмес бакканда мисалы, баланы жаздыкка эрте отургузуп же бутуна эрте тургузганда сөөгү ийрейип калат. Баш сөөктөрү бирикпей, үч же төрт сөөктүн кошулган аралыгында жумшак бөлүкчөлөр эмгеги болот, 3 айында кичине эмгеги катат; маңдайындагы чоң эмгеги 9—14 айында жетилет. Эмчектеги баланын башы салыштырмалуу чоң болот. Эмчектеги баланын дене температурасы чоң кишиникине салыштырганда 0,3—0,4° Сге жогору. Алар сырткы чөйрөнүн температурасындагы өзгөрүүлөргө, өзгөчө ысыкка өтө сезгич келип, чөйрөнүн температурасынын таасиринен анын дене температурасы өзгөрүлүшү мүмкүн. Алардын өпкөсү менен дем алуу булчуңдарынын жетиле электигинен, ошондой эле чоң кишиге караганда кычкылтекти эки эсе көп талап кылгандыктан, бат-бат бир калыпта эмес жана үстүртөн дем алат; бир жашында өпкөсү жана дем алуу булчуңдары өсүп, дем алуусу тереңдеп, калыптанат. Баланын өзгөчө ымыркайдын жүрөк-кан тамыр системасы күчтүүрөөк иштейт. Тамырынын кагуусу минутасына 120—140 өзгөрүлүп турат бала ыйлаганда минутасына 160— 200-гө жетет. Чоңойгон сайын артерия кан басымы жогорулайт. Дени соо баланын биринчи эки астыңкы кашка тиш 6—8 айында, 8—10 айында үстүңкү 4 кашка жана бир жашка чыкканда эки астыңкы кашка тиши чыгып, бир жаштагы баланын 8 тиши болот. Организми начар, өзгөчө итий болгон баланын тиштери кеч чыгат. Адатта тиши чыгарда бала ооруп, ичи өтөт, тамакка табити тартпайт, шилекейи куюлуп, чыргоолонот, эти ысыйт, начар уктайт. Бирок мындай учурда дарылоонун кажети жок. Тамак сиңирүү органдарын нервдик жөнгө салуу жетиле электигинен кичинекей балдар өзгөчө ымыркайлар кулгуйт, кусат, ичи көбөт, тез-тез заңдайт. Кээде эмчек ээмп жатканда аба жутуп алгандыктан да кулгушу мүмкүн. Баланын эмчек эмгенине карата анын ден соолугун байкоого болот ооруп калган бала эмчекти начар эмет же эмбей коёт. Бир айлык кезинде баланы тикесинен көтөргөндө башын кармоого аракеттенет. Эмчектеги баланын кыймылынын ай сайын өөрчүү схемасы. Кыймылынын өсүүсү менен катар таанып-билүүсү да өнүгөт жана тили чыгат. Төрөлгөндүн 2-жумасында эле бала ойгонгондон кийин бир нече мин. Эненин эмчеги жакындаганда тыбырчылай башын эмчек жакка буруп, оозун ачат, соруу жана жутуу кыймылдарын аткарат. Бир айында бош койсо буту-колун сереңдетет, башын бурат, жалтырак буюмдарды карайт. Тежемел багылган бир жарым айлык бала жаңы тамакты көнгөн тамагынан айырмалайт. Баланын дени сак өсүшү үчүн тазалык жана таза аба эң керектүү шарт болуп эсептелет. Балага ылайыкталган бөлмөдө аба, жарык жетиштүү болуп, керектүү гана мебель коюлат. Күн сайын пол, мебель, терезенин текчелерин чаңдатпай ным чүпүрөк менен сүртүп, шыптагы жана дубалдын боорундагы чаңды жума сайын тазалап туруу керек. Бөлмөнү тазалоо учурунда баланы сыртка сейилдетип жүргөн оң. Кышында бөлмө ар бир 2—3 саатта 10—15 мин. Өтө жылуу бөлмөдө кармалган балдарга суук бат тиет. Баланы коюнга алып жатууга болбойт, анын өзүнчө керебети болууга тийиш. Керебетти аба жетпеген бурчка, жылыткычтардын жана эшиктин жанына коюуга болбойт. Кичине балдардын матрацын жууп жана желдетип турат. Деңиз чөбү, жылкынын кылы жана жыгачтын майда таарындылары жана башкалар салынган матрацтар жакшы. Матрацка клеёнка төшөп, үстүнө шейшеп салынат. Матрацты жакшы жуулчу кездемеден тыштайт. Балага жаздык жаздалбайт, ал эми чоң жаздыкка жаткыруу зыян. Эмчектеги бала көп уктайт, ошондуктан анын тынч уктоосуна шарт түзүү зарыл. Төшөнчүсүн таза кармап, керебетин, төшөнчүлөрүн жайып же бөлмөнүн терезесин же форточкасын ачып желдетүү зарыл. Баланы колго алып же керебетте терметүү туура эмес. Дени сак бала терметпесе деле жакшы уктайт. Баланы колясканы колдонсо болот, кара. Баланы ороп-чулгабай аба ырайына жараша кийиндирүү керек. Кийими жылуу, жеңил келип, баланын кыймылына, тердин бууланышына тоскоол болбошу зарыл, өзгөчө жайдын күнү ороп-чулгоо зыяндуу, ансыз да бала ысыктан шалдырайт. Баланы жылаңбаш уктаганга үйрөткөн жакшы. Эмчектеги баланын ич кийими — жалаяк, арты ачык көйнөк, момозуй кофта узун туюк жеңдүү жана башка. Күн сайын жуулгандыктан 8—12 арты ачык көйнөк жана туюк шым, 4—6 жылуу кофтасы момозуй же байка болгону оң. Алаасына койгуч дакиден эки кабаттап же эски шейшептен, салфетка материалдарынан, чыттан 60 х 65 см өлчөмүндө жасалат. Бул мезгилде арты тилик көйнөк алды тилик көйнөк менен алмаштырылат. Кышында баланы жылуу кап төшөктө таза абада уктатса болот. Эмчектеги баланы ороо ырааттуулугу 1—8. Оболу балага арты ачык жука көйнөк, анан момозуй же трикотаж кофта кийгизилет. Кийимдери бүктөлүп калбасын үчүн жакшылап жазып, алаасын жаап, чыт жана момозуй жалаякка колтуктан ылдый оройт. Баланын колун бош, жылаңбаш койсо да болот. Эгер бөлмөнүн температурасы 19—22 'С болсо андан башка ороонун кереги жок. Ашыкча ороп-чулгоодон денесине ысык чыгышы мүмкүн. Жалаягын жана ич кийимдерин таза кармап, кирин өзүнчө башка идишке чогултуу керек. Сийдик болгон жалаякты самындап жууп, кайнатып, кургаган соң эки бетин тең үтүктөө зарыл. Балдардын жалаягын, кийимдерин жууганга синтетикалык жуугуч каражаттарды колдонууга болбойт. Баланы күн сайын киринтип, денесин, колтугун, жука чурайын жакшылап жууп, бышарып кетпес үчүн моюн, кулак, колтук, жука чурай бүктөөлөрүнө акталган өсүмдүк майын сыйпайт. Бети-колун жылуу суу менен жууп, көзүн кебезди кайнатылган сууга же бор кислотасынын эритмесине 1стакан сууга 1 чай кашык нымдап сүртүү керек. Баланын колун дайыма таза кармап, тырмагын алып туруу зарыл. Ал үчүн учу жок өзүнчө кайчыны урунуу оң. Кулагын кебезден билик чыйратып, кайнатылган сууга нымдап тазалайт, ал эми шиш, ширеңкенин талы, чач бекиткич жана башкалар менен чукулоого болбойт. Кулагынан бир нерсе акса, врачка тез кайрылуу керек. Бала заңдаган сайын астын жылуу суу менен жууп кыздардыкын алдынан артын көздөй жууйт кургата аарчып, андан кийин вазелин, өсүмдүк майы, балдар бет майы менен майлап же кургаткыч сепме себет. Мурундун тазалыгына өтө көңүл бөлүү зарыл. Мурду бүтүп калган бала оозу менен дем алып, эмчек эме албай калат. Мындан тышкары мурун менен дем алуудан өпкө жана көкүрөк жакшы өнүгөт; тамакты жакшы ичип, жакшы уктайт, ооруга аз чалдыгат. Баланын мурдун вазелин жана акталган өсүмдүк майына малынган кебез билик менен тазалоо керек. Алгачкы 5—7 күндө киндиги түшкөнгө чейин баланы жалпы ваннага киринтпей, кайнаган жылуу суу менен денесин самындап сүртүп турат. Киндиги 7 күнгө чейин түшпөсө, киринтүү жөнүндө врач менен кеңешүүгө туура келет. Баланы 6 айга чейин күн сайын, андан кийин күн алыс киринтет. Баланы түнкү уктатар алдында киринткен оң. Киринткенде суунун температурасы 30—35°С, алгачкы үч жумасында